Ишкер жүгүртүм каадалары
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ИШКЕР ЖҮГҮРТҮМ КААДАЛАРЫ – мыйзамда каралбаган, кандайдыр бир документтерде жазылган-жазылбаганына карабастан, ишкердиктин кандайдыр бир тармактарында калыптанган жана кеңири колдонулган жүрүм-турум эрежелери таанылат. Тийиштүү мамилелердин катышуучулары үчүн милдеттүү болгон мыйзам же келишим жоболоруна карама-каршы келген ишкер жүгүртүм эрежелери колдонулбайт.